13.04.2015

Толкундануу менен коркунуч коштогон Жалпы республикалык тест абитуриенттердин жашоосуна эмне тартуулайт. Качкынбекова Айсалкын

Толкундануу менен коркунуч коштогон Жалпы республикалык тест абитуриенттердин жашоосуна эмне тартуулайт.

Качкынбекова Айсалкын

Окууну бүтүрүп жаткан ар бир бүтүрүүчү март айынан баштап, уйкусу качып, миң түркүн ойлор келип Жалпы республикалык тестке даярдануу менен алпурушуп келет. Мындай жагдай акыркы 7-8 жылдан бери окууну, билимди көксөгөн жаштар арасында абдан маанилүү. Буга мисал катары алыс кетпей өзүмдү алып көрсөм, тест тапшыруудагы толкунданганым, ар бир мүнөт мен үчүн тагдыр чечүүчү ролдо болгону азыр да менин эсимде. Кызым тест тапшырат эле деп күйпөлөктөп, чай нанын кармап алып эшик саагалап күткөн ата-энелер, бир сөзүн беш кайталап, ар бир окуучусуна ийгилик каалаган мугалимдер, жана тест тапшыруу үчүн акыркы күндөрү уйкусу качып, жүрөк заада болгон окуучу болгон кезибиз эсибизде бар чыгар. Мындай сезимдер кимде болгон болсо,анда ал адам азыркы учурда ийгиликтүү ишкер, кесипкөй адис же студент экени белгилүү. 2002-жылдан баштап кыргызстанда өткөрүлүп келе жаткан бул система ЖОЖ окуу жайлардагы экзамен тапшыруу жана коррупцияга бөгөт коюуу максатында жүргүзүлүп жаткандыгы баардыгыбызга маалым.

Жалпы республикалык тестирлөө Ата-Түрк Ала-Тоо университетине окуганга мүмкүнчүлүк түзүп берди.

 Султан Жороев алыскы Ош облусундагы Араван районунан болот. Султан Жалпы республикалык тестирлөө ал үчүн жашоого ачылган жакшы каалга болгонун сүйүнүү менен айтып берди.

    “Мен борбордон алыс жайгашкан облустагы айылдардын биринде карапайым үй-бүлөдө чоңойгом. Биздин айылда шаарга барып окугандар аз болгондуктан тесттин канчалык маанилүү экенин көп деле биле беришпейт. Анын үстүнө шаарда кандай окуу жайлар бар экенин, кызыгып сурагандарга деле, атайын барып маалымат берген адамдар жокко эсе. Бирок мен кичинекей кезимден баштап, келечекте жакшы билим алуу менен жакшы жумуш ордун камсыз кылсам деген ойлорум күч эле. Бирок  ушул максат-тилекке кандай жол менен жетерим абдан табышмак болчу. Жогорку класста окуп жүргөндө бизде Жалпы республикалык тест деген түшүнүк пайда болду. Бул тууралуу кеңири билгенде гана менин бирден бир тилектериме жеткирүүчү ушул жол экенин билип, ага болгон аракетимди көрө баштадым. Ал үчүн албетте даярдануу күчөдү, күн-түн дебей окуу жана даярдануу. Өзүм күткөндөй, тесттен алган баллым жакшы болуп, айылдан борборго келдим. Мен бул жактан Кыргызстандагы күчтүү деп саналган Ата-Түрк Ала-Тоо университетине тапшыруу мүмкүнчүлүгүн алдым. Бул биздин үй-бүлө үчүн абдан кубанычтуу болду. Аталган университеттен мен англис, жапон жана түрк тилдерин эркин сүйлөөгө үйрөндүм жана кесипкөй адистигин алганыма бир жыл болду. Ошондой эле өзүм эки жылдан бери кайра Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунда администратор болуп иштегениме эки жыл болду. Ал жерде иштеп бир канча досторду, жакшы тааныштарды жана команда менен иштегенди үйрөндүм. Кызыктуу окуядан айта кетсем: Мен тест тапшырган учурда  администратор болуп иштеген байке менен мен быйыл бирге иштеп калдык. Эң негизгиси эсимде калганы: мен тест учурунда эреже бузганым үчүн ал байке эки жолу эскертүү белгисин койгон эле. Байкени көргөндө эле ошол мезгил эсиме келип, дароо тааныдым. Өзүнө айтып берсем эстеп алып кечке күлдүк. Ал эми быйыл Москва шаарындагы МГОУ университеттинин магистратура бөлүмүнө тапшырдым. Эми окуу жылы башталса ал жакка кетем. Сөзүмдүн акырында айтаарым - Жалпы республикалык тест менин жаңы жашоо образымды түзүп берди”.

Кызым чөнтөккө күч келтирбей өз күчү менен окууга өттү.

Азыркы кезде тестке балдары менен кошо күйүп-бышып даярданып, ал жөнүндө маалыматтарды жадыбалдай билген ата-энелер четтен табылат. Баласы жакшы балл алып, жогорку окуу жайда окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон ата-энелердин бири, Кочкор районундагы Ормонхан айылынын тургуну Гүлүмкан Акматова тестке ыраазычылык айтуу менен буларга токтолду.

“Менин кызым Калмира Бактыбек кызы мектепте окуп жүргөндө эле жакшы окучу. Биз андан көп нерсени үмүт кылабыз. Албетте Жалпы республикалык тест жөнүндө укканда эле бюджеттик орунга өтүүгө бизде чоң мүмкүнчүлүк бар экенин билгенбиз. Кызыбыз да толкундануу менен тапшырды. Жыйынтыгында негизги тесттен 164 балл алып, предметттик кошумча тесттен алган баллдары да 100 баллдан ашык болду. Биз айылда жашагандыктан , бул абдан жакшы жыйынтык болду. Окууга тапшырууга барганда биринчи эле медициналык академияга барып көрдүк. Бирок контрактык орунга илингендиктен кызым бизди кыйнагысы келбей, өзү да каалап жүргөн программист багытындагы окууга биринчи тур менен бюджеттик окуутуу бөлүмүнө өтүп кетти. Атасы экөөбүз абдан кубандык. ЖРТ - бул жакшы нерсе экен да. Кызым азыркы учурда окуусун абдан жакшы окуп, стипендия алганга да жетишет. Андыктан ата-эненин чөнтөгүнө күч келтирбей, ушундай тести ойлоп тапкан жалпы жамаатка рахмат.

Мен үчүн тест орточо кыйынчылык жаратты.

Кыргызстандын  региондорунда окуган окуучулар Бишкек шаарында окуган окуучулар үчүн Жалпы республикалык тест жеңил деп эсептешет. Себеби айыл жергесинде логика тууралуу түшүнүк  жакшы өнүкпөгөндүктөн алар тест тапшырууда бизге кедергисин тийгизет деп эсептешет. Бирок шаарда окуган окуучулар тест тапшыруу аларга деле кыйыныраак экенин айтып, болгону даярдануу айылга караганда шаарда бир азга жеңил жана каалаган жерге барып, курстан окуп алууга мүмкүнчүлүктөр көп экенин баса белгилешет. Асель Урматбекова азыркы тапта Кыргыз мамлекеттик университетинеде 4 курста окуйт.

“Мен үчүн тест орточо эле кыйынчылык жаратты. Болгону 3-4 ай барган ийримдер мага тесттен жакшыраак балл алганга жардам берди. Мектепте болсо курста окугандай жакшы түшүндүрүп беришпейт да. Мен тесттен 180 балл алгам. Бирок шаардагы окуучулар үчүн бул балл орточо алгандардын катарына кирет. Ошентсе да мен өз күчүм менен кайра жогорку окуу жайга бюджеттик окуу бөлүмүнө өттүм. Жакындарым сүйүнүштү. Өзүм болсо төрт жылдан бери окууга акча тчөлөбөй, мамлекеттин эсебинен окуп, стипендия алып келе жатам. Эми жакында дипломду коргосом, кесипкөй адис болуп чыгам. Ошондой эле мага жумушка орношуу боюнча да сунуштар түшүп жатат. Ушунун баарына менин өз күчүм  менен жеткирген, жана бир дагы коррупция аралашпаган Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун кызматкерлерине ыраазычылык.

Мен үчүн Жалпы республикалык тест окууну бүткөндөн кийинки жашоого болгон көпүрө. Эгер аны аракет кылып, күч коротуп, маңдай тер агызып, уйкудан калып даярданып өтсөӊ,  келечегиңе болгон кадамыӊ бекем жана кенен болот. Биз мектепте окуп жүргөндө дайыма тест жазчу элек. Анда биз бири-бирибизден көчүрүп жазып алып же кол шилтеп санап тоголоктоп койчу элек. Бирок жогорку класста окуп баштагандан кийин биз башкача тест жөнүндө уга баштадык. Аны бүтүрүүчү класстын окуучулары бизге көңүл коюу менен айтып берип, өздөрү коркуп жатышкандарын жашырчу эмес эле. Алар бизге ошондо дагы жакшы окуш керек экенди баса белгилеп айтып бергендери азыр дагы эсимде. Кийин биз да ошол күнгө жетип келдик. Мугалимдердин кабаттап айткан акылдары, берген билимдеринин эсебин берчү күн келгенин, ал биздин кийинки адам болчу жашоого бирден бир түз тиешеси бар экенин билгенде китепти колдон түшүрбөй окуп калдык. Акчасын аябай ийримдерге жиберген ата-эне, түшүнүп түшүнбөй баш катырган биз жана алдыда жакындап келе жаткан тестти азыр да эстесем, ошондогу кумурскадан пил жасаган күндөрүм эсиме кылт деп түшөт. Тест болоор күнү күндөгүдөн эрте туруп, үй-бүлөбүз менен тилек кылып,жолго чыктык.
Колуна тамак-ашын көтөрүп артымдан калбай келген апам эске түшөт. Ал сайын жүрөгүмдө коркунуч пайда болуп, өзүмө ишенбестик, жөнү жок калтыраган колдорум болгону менен, ал мени азыр жакшы күндөргө алып келди. Ошондогу ар бир администратордун айткан сөзү мен үчүн мыйзамга айланып, убакыт зымырап учуп, алеки заматта тапшырып салган тестттин жыйынтыгы акыры мени кесипкөй адамга, илим менен билимди ажырата билген, дүйнө чабыты кең, мамлекеттке кызмат кылчу адамга айлантты. Тесттин жаман кандай жактары бар экенин билбейм, бирок жакшы жагы абдан көп экенин ар бир ийгиликтүү тапшырган, балким жыйынтыгы начар болгон студенттер да айта алат. Мен үчүн Жалпы республикалык тест класста окуган ар бир баланын өзүнө тийштүү билимин жана дараметин көргөзө алган эң так жана туура түзүлгөн система деп айта алам. Эң негизгиси кыргызстандагы канчалаган абитуриенттердин арасынан кимиси жогорку окуу жайга өтө ала турганын далилдей алган сынак. Мен тесттен алган баллым менен гана ата-энемдин капчыгын жана көптөгөн студенттердин арасында өзүмдүн билимге болгон баамды биле алам десем болот. Андыктан ар бир мектепти аяктаган окуучуга сүрдүү, жана кылымга тете болгон күндү, уктабай тилек кылган баллды, түшкө кирген тестти биздин баштан өткөрүп, келечектеги жаштарга өз акылың менен ийгиликтерди багындыра аларыңа ишенич жараткан Жалпы республикалык тестке рахмат. Ал менин 18 жашка чыга элек кезимдеги жашоодогу эң бир башымдан өткөргөн сыноо жана мага алгачкы сүйүнүч артырган кубаныч экенин унутпайм.