13.04.2015

Нурлан Таалайбеков: "Абитуриенттен администраторго чейин"

Жалпы республикалык тесттин таасирлери.

Абитуриенттен администраторго чейин

ББОУБнун Жалпы республикалык тест өткөрүү боюнча

ЖРТнин администратору Нурлан Таалайбеков

Менин билишимче 2002-жылдан бери Жалпы республикалык тест жүргүзүлүп келе жатат. Ал эми 2012-жылдан бери мамлекеттик жана жеке менчик болгон бардык жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн ЖРТ милдеттүү болуп калды. Азыркы учурда республикабыздын бүтүрүүчүлөрүнө    ЖРТке катышуусу үчүн ачык жана  бирдей шарттар түзүлгөн. Эми мен  өзүмдүн  жеке тажырыйбама таянсам,  жогорку окуу жайга өтүү, болгондо да бюджеттик окууга өтүү менин көктөн тилеген тилегим эле. Мен дагы катардагы 11-класстын бүтүрүүчүсү катары Жалпы республикалык тест тапшырууга аракет жасай баштадым. Албетте каттоодон өтүү эле менин делебемди козгоп, чоң жоопкерчиликке түртө баштады. Баарынан да эң ыңгайлуусу каттоодон өтүү үчүн, тест тапшыруу үчүн убакытты коротуп, чыгым болуп Бишкекке атайын түйшүккө түшүп барбай эле, өзүбүздүн Жети –Өгүз районундагы Светлая Поляна айылындагы А.Албаков атындагы орто мектебинде эле каттоодон өттүк. Эсимде классыбыздын жарымынан көбү катталдык. Ал жерден бизге тест тапшыруунун шарттары  тууралуу толук жана так маалыматтарды беришти. Каттоочулардын бизге жасаган сылык-сыпаа мамилеси эле бизди тестти тапшырууга шыктандыргандай болду. Ошол күндөн баштап көбүбүз тестке даярдануу аракетинде болдук.   Бизден

Акыры биз күткөн Жалпы республикалык тест тапшыруу күнү да келип жетти. «Эл оозунда элек жок» дегендей тестке мурунку жылдарда тапшыргандардан кеп-кеңеш сурадык. байланыштуу ар кандай кептер айтыла баштады. «Анын жообун сатып алса болот экен», «Тааныштарыбыз жардам беришет», «Университеттеги мугалимдер балл кошуп беришет экен» ж.б. сыяктуу. Биз ЖРТны Кызыл-Суу айылында тапшырдык. Мен негизги тестти тапшырып чыкканда бир акыйкатка көзүм жетти. Анткени залдагы жүздөй окуучуга бирдей шарт, бирдей талап коюлган эле. Ар бир абитуриентке аяр мамиле жасалып алардын адамдык да, абитуренттик да укугу сакталган болчу. Бул жерде өзүңдүн гана билим деңгээлиң, ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгүң жана мектептен алган билимиңдин натыйжасы гана негизги ролду ээлеп турган. Баарынан да мага зор таасир калтырган тест өткөрүү үчүн Бишкектен келген атайын администраторлор тобу болду. Алардын жасаган ар бири иши так жана туура, тест өткөрүүнүн бардык эрежелерин сактоо менен иш жүргүзүшүп, бардык окуучуларга бирдей мамиле жасашкан. Мындай шарт-жагдайда «тааныштык кылуу» мүмкүн эмес  экендигин өз көзүм менен көргөм. Мен ошондо тест алган администраторлорго абдан суктангам. Алар деле бизден бир аз эле улуу жаш жигиттер, кыздар жана эжелер болчу…

Ошентип, биздин райондун бүтүрүүчүлөрү менен кошо эле биздин класстын окуучулары да тест тапшырып, жыйынтыгын күтүп калдык. Акыры жыйынтыгы кубанарлык болду. Биздин район бийик тоолуу аймакка киргендиктен мен алган балл канааттандыралык болгон. Жалпы тесттен 136 балл, ал эми педметтик тесттен  76 балл алгам. Менин ата-энемдин кубанычын айтпаңыз. «Эч тааныш издебей эле, уулубуз өз  күчү менен эле  жогорку окуу жайга өтүп жатат» дешип бир төбөсү көккө жете сүйүнүшкөн. Атам да, апам да: «Ушул алган баллың менен Бишкекке өтсөң өттүң, болбосо, Караколго тапшырып, ошол жактан окуйсуң» дешти.  Мен болсо, Бишкектен окусам деп тилейм.

Мен мектепти аяктап, аттестатымды колума алар  менен ЖРТнын сертификатын алып Бишкекке келдим. Бишкектеги политехникалык институттун Энергетика факультетине тапшырып, алган баллым менен биринчи турда эле бюджеттик бөлүмгө өтүп кеттим. Кубандым… Ата-энелерим, бир туугандарым да: «Молодессс, Нурлан» деп куттукташты.

Ошентип, убакыт өтүп ЖОЖду ийгиликтүү аяктап, «энергетик» адистигине ээ болдум. Мен окуган жылдар, алган билимим, ата-энемдин үмүт-тилеги текке кеткен жок. Азыркы учурда кесибим боюнча заманга жараша эмгектенип жүрөм.

Дагы бир айта кетчү нерсе -  кийинки  6 жылдан бери мен өзүм Жалпы республикалык тестте республика боюнча тест өткөрүү учурунда билим берүү системасындагы коррупцияга каршы иштеп жаткан  Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору жүргүзүп жаткан иштерге кичине  болсо да салымымды кошкум келип, администратор болуп иштеп жатам. Бир учурдагы өзүм суктанган админстраторлордун катарын толуктап жатканыма сыймыктанам.