25.06.2021

ЖРТнын упайларын текшерүү боюнча консультациялар

2021-жылы өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланышкан шартты эске алып, ЖРТнын упайларынын туура эсептелгени боюнча консультациялар онлайн жана офлайн түрүндө 29-июндан баштап 9-июлдун (саат 12.00уна) чейин өткөрүлөт.

Онлайн консультациялар Бишкек шаарына келе албаган абитуриенттер үчүн өткөрүлөт. Онлайн консультация учурунда абитуриенттин каттоо номеринин жана дептеринин номеринин туура толтурулуп, боёлгондугу текшерилет.  Консультация алуу үчүн 29-июндан 9-июлга чейинки убакытта ББОУБга WhatsApp тиркемеси бар телефон номери аркылуу номерине байланышуу керек. ББОУБнун 0550 66-48-38 WhatsApp номери.

Офлайн консультация Бишкекке келген абитуриенттер үчүн өткөрүлөт.  Консультацияга жазылуу үчүн ББОУБнун кеӊсесине (Тыныстанов көчөсү, 98) паспортунун көчүрмөсүн алып келип, жазылуу керек. Жазылган абитуриенттерге атайын бир убакыт белгиленет, алар ошол убакытта сертификатынын жана паспортунун түп нускасын алып консультацияга келиши керек.   

Бардык консультациялар 9-июлдун саат 12.00 убактысына чейин гана жүргүзүлөт.

 

Бардык суроолор боюнча (0312, 0500, 0501, 0502, 0222, 0772) 66-48-38 телефон номерлери аркылуу ББОУБга байланышсаӊар болот.  

Телефондук чалуулар дүйшөмбү – жума иш күндөрү 9.00 – 17.00 убакыттын аралыгында гана кабыл алынат.