07.05.2021

Жалпы республикалык тестке кошумча каттоо

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙГА ТАПШЫРАЙЫН ДЕП, БИРОК ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТКЕ КАТТООДОН ӨТҮҮДӨН КЕЧИГИП КАЛДЫНБЫ?  КАТООДОН ӨТҮП, ТЕСТКЕ КАТЫШУУГА ДАГЫ БИР МҮМКҮНЧҮЛҮК БАР!

ББОУБ эскертет! Жогорку окуу жайлардын студенттери Жалпы республикалык тестке катталууга жана аны тапшырууга УКУГУ ЖОК!

КАТТОО КАЧАН БОЛОТ?

2021-жылдын 17-жана 20-майында Жалпы республикалык тестке каттоо  Кыргызстандын  бардык региондорунда болуп өтөт. Ар бир район же шаарда боло турган каттоо күнүн Сиз райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнөн билип алсаӊыз болот.

КАТООДОН КАЯКТАН ӨТСӨ БОЛОТ?

Каттоо тест борборлорунда (ЖРТ боло турган мектептерде) тесттин администраторлору өткөрүшөт.

Ар бир тест борборунда (мектептерде) каттоо 13.00дон 17.00 го чейин жүргүзүлөт. Тест борборлору жөнүндө маалыматты мектептеги же райондук/шаардык билим берүү бөлүмүндөгү жооптуу адамдардан билсе болот.

КАТТОО АКЫСЫ КАНЧА ТУРАТ?

Каттоо акысы – негизги тест үчүн 370 сом,  жана ар бир предметтик тест үчүн - 370 сомду түзөт. Төлөмдөрү РСК банкына төгүш керек.

ТЕСТКЕ КАТТАЛЫШ ҮЧҮН КАНДАЙ ДОКУМЕНТТЕР КЕРЕК?

Катталып жаткан учурда абитуриенттердин колунда  төмөнкүлөр болушу керек:

  • ·  Каттоо төлөмдөрү төгүлгөндүгүн тастыктаган РСК банктын квитанциясы
  • ·  Паспорт, же аскер кызматындагыларга аскердик күбөлүк; Инсанды күбөлөндүргөн документтери жок тестке кирүү МҮМКҮН ЭМЕС!
  • ·  1 жылдан ашпаган мөөнөт ичинде тартылган, 3х4 см өлчөмүндөгү эки бирдей сүрөт;
  • ·  мурдагы жылдардын  бүтүрүүчүлөрү үчүн орто билим жөнүндө аттестаттын түп нускасы (оригинал) же орто кесиптик билимди тастыктаган дипломдун түп нускасы;
  • ·  2021-жылдын бүтүрүүчүлөрү мектептен алынып, директордун колу жана мектептин мөөрү басылган маалымкатты (справка) тапшырыш керек. Маалымкатта абитуриенттин сүрөтү чапталып, сүрөттө маалымкатты берген  окуу жайды мөөрү басышлышы милдеттүү түрдө талап кылынат.

Жогоруда  саналган документтердин бири гана жок болгон учурда каттоо жүргүзүлбөйт!

Кошумча каттоо учурунда катталган абитуриенттер тесттин жыйынтыктары берилген СЕРТИФИКАТТЫ   КАТТООДОН ӨТКӨН РАЙОНДУН РАЙОНДУК (ШААРДЫК) БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМДӨРҮНӨН АЛЫШАТ.