17.06.2020

COVID-19 пандемиясынын шартында ЖРТнын өткөрүлүшү

2020-жылдын 21 июнунан -25 июнуна чейин Кыргызстандын жогорку окуу жайларына тапшырыш үчүн Жалпы республикалык тест өткөрүлөт. Тестти өткөрүү үчүн өлкөнүн ар бир районунда жайгашкан мектептердин алкагында  117 тест борбору уюштурулат. 

COVID-19 пандемиясынын шартында абитуриенттердин ден соолук коопсуздугун сактоо үчүн жана коронавирустук инфекциянын жайылышына жол бербөө максатында ЖРТны өткөрүү үчүн атайын каралган санитардык талаптар сакталышы керек. Кененирээк видеороликтен көрүӊүздөр: ютуб каналдан