17.12.2019

Математика Район

Районный этап Республиканской олимпиады школьников по математике проводится в два тура.

Продолжительность первого тура составляет 2 часа.

На первом туре олимпиады каждый участник получает индивидуальную тетрадь, которой содержится 21  задача на кыргызском или русском языке. Участник сам выбирает, на каком одном из этих языков он будет выполнять олимпиадную работу. Участнику необходимо решить каждую из задач и записать короткий правильный ответ в специально отведённом для этого месте.

Для решения задач первого тура, выполнения расчётов каждому из участников выдаётся черновик, записи в котором не учитываются при итоговом подсчёте баллов на первом туре. Но черновик обязательно нужно сдать комиссии. Правильные ответы в индивидуальной тетради не рассматриваются и не учитываются, если отсутствует при проверке черновик с решением.

Каждая правильно решённая задача оценивается в 1 балл.

Продолжительность второго тура 4 часа

На втором туре во второй день олимпиады каждому участнику также выдаётся индивидуальная тетрадь, в которой содержатся 3задачи. Каждая из этих задач оценивается в 7 баллов. Все эти задачи требуют подробного решения, развёрнутого ответа. Для выполнения, предварительных набросков решения, выполнения расчётов и т.п. каждый участник получит черновик, который необходимо сдать комиссии вместе с тетрадью с решениями. Но записи в черновике при итоговом оценивании работы учитывается в исключительных случаях при коллегиальном решении жюри.

Апелляция по решению задач второго тура проводится в установленном порядке.

Во время проведения олимпиады участникам запрещается:

  • иметь при себе какие-либо средства связи, в том числе и в выключенном виде; электронно-вычислительные устройства; справочные пособия, учебники, конспекты и другие носители информации;
  • пересаживаться, разговаривать, обмениваться любыми материалами или предметами;
  • выносить олимпиадные материалы из пункта проведения олимпиады;
  • в работах, черновиках, бланке ответов, размещать сведения о себе, делать другие пометки, не относящиеся к решению или ответу.

В случае необходимости участник олимпиады может выйти из кабинета в сопровождении дежурного. В этом случае он должен оставить олимпиадные материалы на столе администратора.

Окуучулардын математика боюнча республикалык олимпиадасынын райондук этабы эки турда өткөрүлөт

Жабдууга болгон талап: ар бир окуучунун жанында төмөнкүлөр болушу шарт:

  • эсептердин чыгарылыштарын жазуу үчүн көк гана түстөгү калем;
  • чийүүлөрдү жүргүзүү үчүн сызгыч, циркуль, карандаш жана өчүргүч.

Биринчи тур 2 саатка созулат.

Олимпиаданын биринчи турунда ар бир катышуучу кыргыз жана орус тилдеринде 21 эсепти камтыган жеке дептерди алат. Олимпиадалык ишти бул тилдердин кайсынысында аткарышын катышуучу өзү тандап алат. Катышуучу ар бир эсепти чыгарып, кыска туура жоопту бул үчүн атайын белгиленген жерге жазышы керек.  

Эсептерди жүргүзүү үчүн ар бир катышуучуга черновик берилет, мындагы жазуулар упайларды соңку эсептөөдө көңүлгө алынбайт.

Ар бир туура чыгарылган эсеп бир упай менен бааланат.

Экинчи тур 4 сааттан ашык эмес убакытка созулат.

Олимпиаданын экинчи күнүндөгү экинчи турда 3 эсеп камтылган жеке дептер берилет. Бул эсептердин ар бири 7 упай менен бааланат. Бул эсептердин бардыгынын чыгарылышы майда-чүйдөсүнө чейин жазылган жана кеңири жоопторду талап кылат. Алдын-ала чыгарылыштар үчүн ар бир катышуучуга черновик берилет. Черновиктеги жазуулар упайларды соңку эсептөөдө көңүлгө алынбайт.

Экинчи турдун эсептерин чыгаруу боюнча аппеляция белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

Олимпиада учурунда катышуучуларга төмөндөгүдөй тыюулар салынат:

  • өчүрүлгөн болсо да, жанына кандайдыр бир байланыш каражаттарын; электрондук эсептөө түзүлүштөрү; маалымдама колдонмолору, окуу китептери, конспектилер ж.б.у.с. алууга;
  • ордун алмаштыруу, сүйлөшүү, түрдүү материалдар же буюмдар менен алмашууга;
  • олимпиада өткөрүлүп жаткан аудиториядан олимпиадалык материалдарды чыгарууга;
  • олимпиада катышуучусу жөнүндө маалыматтарды, чыгарылышка же жоопко тиешеси жок башка жазууларды  өз иштеринде, черновиктерде жайгаштырууга;
  • бөлүнгөн убакыт бүткөндөн кийин, тапшырмаларды аткарууну улантууга;
  • катышуучу ишин мөөнөтүнөн мурда бүтүрсө да, тапшырманын аткарылышына бөлүнгөн убакыттын бүтүшүнө чейин аудиториядан чыгууга.

Керектүү учурда олимпиаданын катышуучусуна аудиториядан администратор менен бирге чыгууга мүмкүнчүлүк берилет. Мында ал олимпиада материалдарын администратордун үстөлүнө калтырышы керек.