13.02.2018

Областная олимпиада. Кыргызский язык и литература. Русский язык и литература

Областная олимпиада по русскому языку и литературе для учащихся школ с кыргызским языком обучения

Олимпиада проводится в два тура: в первый день  - устный тур, во второй день – письменный тур.

 

Устный тур олимпиады проводится с использованием комплекта стихотворений.

Каждый участник олимпиады получает от членов жюри напечатанный на листке текст стихотворения, прикреплённый к нему листок с заданием и ещё один чистый листок для подготовки.

На листке со стихотворением, в верхнем правом углу участник записывает свой регистрационный номер.

Затем участник в течение 20 минут в присутствии членов жюри готовит анализ художественных особенностей этого стихотворения. касающихся изобразительно-выразительных средств, использованных в нём.

Получив листок со стихотворением, участник олимпиады  называет вслух автора и название стихотворения. Жюри записывает эти сведения в протокол. Участник самостоятельно готовится  к выразительному чтению. Он имеет право

  • подчеркнуть  слова и выражения в тексте;
  • определить эмоциональный тон, настроение в стихотворении;
  • сделать разбор изобразительно-выразительных средств и т.п.

 

Время подготовки 20 мин.

После подготовки участник выразительно читает вслух текст стихотворения и затем отвечает на вопросы членов жюри о художественных особенностях стихотворения.  Длительность выступления не более 10 минут. 

Конкурсанты,  нарушающие дисциплину (устраивающие переговоры, списывающие и т.д.), дисквалифицируются.

 

Письменный тур олимпиады включает задания по русскому языку и литературе.

На задания по русскому языку и литературе  отводится не более 4 часов. Каждый тип задания оценивается определённым количеством баллов.

Главный критерий выполнения олимпиадных заданий – самостоятельность. Все задания выполняйте в этой тетради в отведённых для ответов местах ручкой с синей или черной пастой. 

Наличие у конкурсантов дополнительного материала (текстов художественной литературы, словарей разных видов, учебно-методической литературы, средств мобильной связи, компьютера и т.д.) НЕ допускается. Запрещены использование мобильной связи, обсуждение и совместное выполнение заданий участниками олимпиады. В случае нарушения этих условий школьник исключается из состава участников олимпиады.

Работы, в которых будут обнаружены факты совместного выполнения заданий или списывания, оцениваются нулём баллов независимо от качества и количества выполненных заданий.

Языковые задания.  Языковые задания, предлагаемые конкурсантам, направлены на творческое применение знаний и демонстрацию сформированных на уроках компетентностей (по лексике, грамматике, пунктуации, чтению и пониманию).

Отзыв. Для написания отзыва школьникам предлагаются литературные тексты.

Написанная работа должна представлять собой цельный, связный, завершённый текст. Хорошей считается работа, если участник

  • пишет связный текст, используя при этом подробности и детали;
  • выражает своё отношение к событиям, предметам, героям, явлениям, представленным в тексте;
  • рассуждает, используя аргументы, опираясь на формулировку темы и иллюстрируя свои мысли примерами из текста, других произведений, личного опыта.

Участник демонстрирует

  • богатый словарный запас;
  • разнообразный  арсенал грамматических конструкций;
  • владение теоретико-литературными понятиями (названия тропов и стилистических фигур).

Объем работы составляет не менее 150 слов. Если работа представляет собой  только пересказанный или во многом переписанный исходный текст без комментариев, то работа оценивается нулём баллов.

 
 Эне тили катары кыргыз жана орус тилдери боюнча, экинчи тил катары кыргыз жана орус тилдери боюнча, ошондой эле кыргыз жана орус адабияттары боюнча республикалык турдун өткөрүлүшү

Жалпы маалымат

Мектеп олимпиадасынын республикалык турунун өткөрүлүшү чынчыл атаандаштык, ак ниеттүүлүк жана билимге, конкурсанттардын жөндөмдөрүнө, инсандык өзгөчөлүктөрүнө карата сый-урмат атмосферасынын жаратылышын талап кылат. Олимпиада тапшырмаларын аткарууда катышуучулар сабактарда калыптандырылган жөндөмдөр менен көндүмдөрдү көрсөтүүгө тийиш, бирок олимпиада тапшырмалары – бул татаалдыктын жогорку деңгээлиндеги тапшырмалар.

Окуучулардын кыргыз жана орус тилдери, кыргыз жана орус адабияттары боюнча олимпиадасынын республикалык этабы тиешелүү окутуу тилдеринде билим берүү жүргүзүлгөн класстарда эки күндө өткөрүлөт.

1-күн. Оозеки тур. Олимпиаданын оозеки туру бир нече ырлардын топтомунан турат. Олимпиаданын катышуучусу калыстар тобунан кагаз жүзүндөгү ырды жана ага карата берилген суроолорду алат. Буга кошумча катышуучуга даярдануу үчүн актай кагаз берилет.

Ыр жазылган кагаздын оң бурчуна катышуучу өзүнүн каттоо номерин жазат. Андан соң калыстардын көзөмөлү алдында ага даярдануу үчүн 20 мүнөт берилет. Катышуучу ырды талдоодо анда колдонулган көркөм сөз каражаттарына маани бериши керек.

Катышуучу ырды тандаган соң, анын аталышын жана авторун атайт. Буларды калыстар тобу протоколго түшүрөт. Катышуучу көркөм окууга өз алдынча даярданат. Катышуучунун төмөндөгүлөргө укугу бар:

  • тексттен сөздөрдүн же айтымдардын астын чийип коюуга;
  • ырдын эмоционалдык тону аркылуу анын мүнөзүн аныктоого;
  •  көркөм туюндуруу каражаттарын талдоого ж.б.

Даярданууга 20 мүнөт берилет.

Даярданып бүткөн соң, катышуучу ырды үнүн чыгарып көркөм окуйт жана андан соң калыстар тобу тарабынан көркөмдүк өзгөчөлүктөрүнө карата берилген суроолорго жооп берет. Калыстар тобунун алдында ырды көркөм окууга жана ага карата берилген суроолорго жооп берүүгө 10 мүнөттөн ашпаган убакыт берилет.

Эрежени бузгандар (сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөр, башка катышуучулардан көчүргөндөр) олимпиададан четтетилет.

 

  2-күн. Жазуу этабы. Кыргыз тили жана адабияты боюнча тапшырмаларды аткарууга 4 саат берилет. Тапшырманын ар бир тиби белгилүү упай саны менен бааланат.

Олимпиада тапшырмаларынын аткарылышынын башкы критерийи – өз алдынчалык.

Республикалык турдун жазуу этабын өткөрүүдө катышуучулар бир партага бир кишиден жайгаштырылат. Окуучулар тапшырмалар комплекти, жазма кагаз буюмдары (дептерлер, калемдер) менен камсыздалат, тапшырма аткаруу эрежелери менен тааныштырылат, аларга тапшырма аткаруунун техникалык жагы боюнча инструктаж өткөрүлөт. Конкурсанттарда кошумча материалдын (көркөм адабият тексттери, түрдүү сөздүктөр, окутуу-методикалык адабият, мобилдик байланыш каражаттары, компьютер ж.б.) болушуна жол берилбейт.

Олимпиадада телефон чалууларга жана социалдык тармактардагы коммуникацияга, олимпиада катышуучулары тарабынан тапшырмалардын талкууланышына жана орток аткарылышына тыюу салынат. Бул шарттар бузулганда, окуучу олимпиада катышуучуларынын курамынан чыгарылат.

Тапшырмаларды орток аткаруу же көчүрүү фактылары байкалган иштер аткарылган тапшырмалардын сапаты жана санына карабастан «0» деген упай менен бааланат.

Иштер алдын-ала коддолот. Калыстардын катышуучунун фамилиясын, катышуучу окуган мектептин номерин ж.б.у.с. жагдайларды аныктоого багытталган суроолоруна жол берилбейт.

Тапшырма аткаруу убагы аягына чыкканда, иштер олимпиаданын конкреттүү уюштуруучусунун өкүлүнө тапшырылат. Республикалык этаптын калыстары аткарылган олимпиада тапшырмаларын баалайт; аткарылган олимпиада тапшырмаларын талдайт; олимпиаданын тиешелүү этабынын уюштуруу комитети менен бирге апелляцияларды карайт.

Аткарылган тапшырмалар калыстар тарабынан тапшырмаларды иштеп чыгуучу топ сунуштаган баалоо критерийлери жана методикасына жараша бааланат. Баалар упайлар түрүндө берилет.

Эгер катышуучу черновик колдонгон болсо, аны иш менен бирге тапшырат. Калыстар таза кагаздагы жазууларды баалайт. Черновиктер текшерилбейт.

Жыйынтык упай ар бир тапшырма үчүн алынган упайларды кошуу жолу менен аныкталат жана атайын протокол түзүлөт. Ал протоколдо иштин шифри, упайлар жана калыстар тобунун бүткүл мүчөлөрүнүн кол тамгалары орун алат. Олимпиада катышуучуларынын бардык иштеринин текшерилиш натыйжаларын калыстар тобу олимпиада катышуучуларынын иштерин баалоо боюнча жыйынтык ведомостуна киргизет.

            Баалоо критерийлери, ачкычтар жана тапшырманын аткарылышына байланыштуу комментарийлер конкурсанттар тарабынан аткарылган иштерди баалоо жана аларды критерийлер жана талаптар менен салыштыруу үчүн калыстар тобуна берилет. Жыйынтык упай жазуу жана оозеки турлардын бааларын кошуу жолу менен аныкталат.

 

Тапшырмалардын мүнөздөмөсү

Тапшырмалар. Конкурсанттарга сунуш кылынган тапшырмалар тил илиминин бардык бөлүмдөрүн чагылдырат жана окуучулардын жөн гана билимге түз жетүүсүнө эмес, билимин чыгармачылык менен колдонуусуна жана сабактарда калыптандырылган (лексика, грамматика, пунктуация, окуу жана түшүнүү ж.б.у.с. боюнча) жөндөмдөрдү көрсөтүп берүүсүнө багытталган. Олимпиада үчүн төмөнкү типтердеги түрдүү тапшырмалар сунуш кылынышы мүмкүн:

  • контекстке жараша синоним жана антонимдердин тандалышы;
  • иретке келтирүү (бири-биринен ажыратылган сүйлөмдөрдөн же абзацтардан ырааттуу текст түзүү; чаржайыт түрдө берилген окуялардын иретин калыбына келтирүү);
  • текстте калтырылган бош жерлерди түрдүү сөз түркүмдөрүнө таандык сөздөр менен толуктоо;
  • трансформация, өзгөртүү, алмаштыруу;
  • айтымды (сүйлөмдү) аяктоо (жетишпеген компонентти табуу);
  • жабык жана ачык типтеги суроолорго жооп берүү (кыска жана кеңири);
  • бир тил ичинде өзгөртүп кайра айтуу;
  • окулган тексттин стилин негиздеп түшүндүрүү;
  • жалпы текстти жана анын айрым бөлүктөрүн окуп түшүнүү, тексттин мааниси боюнча берилген суроолордун туура жоопторун таба билүү;
  • тыныш белгилерин туура коё билүү;
  • сөздөргө мүчөлөрдү туура жалгай билүү;
  • сөздөрдүн сүйлөм ичинде аткарган кызматын аныктай билүү;
  • сүйлөмдөрдү адабий тилдин нормасына ылайык түзө билүү ж.б.у.с.

Пикир. Пикир жазуу үчүн окуучуларга адабий тексттер сунуш кылынат. Бул тексттер – көмөкчү суроолор менен коштолгон анча чоң эмес көлөмдөгү тексттер. Ал суроолордун негизинде олимпиаданын катышуучусу өз ишин жаза алат. Тапшырмаларды окутуу тилинде аткара турган окуучуларга салыштыруу үчүн 2 текст сунуш кылынат.

Тексттер төмөнкү талаптарга ылайык тандалган: аутенттик (чындыкка шайкеш), тема жана социомаданият жагынан ылайыктуу, окуучунун жаш өзгөчөлүктөрү жана окурман муктаждыктары эске алынган.

Жазылган иш бүтүн, ырааттуу, аягына чыккан текст болууга тийиш.                     

 

Катышуучу:

  • бардык жагдайларды жана деталдарды эске алып, ырааттуу текст жазса;
  • текстте берилген окуяларга, буюмдарга, каармандарга, кубулуштарга өз мамилесин туюндурса;
  • негизги проблемаларды атаса жана автордун ага болгон мамилесин билдирсе;
  • жүйөлөрдү колдонуп, теманын формулировкасына таянып жана өз ойлорун тексттен, башка чыгармалардан, жеке тажрыйбасынан алынган мисалдар менен чагылдырып ой жүгүртсө,

жазылган иш жакшы деп эсептелет.

Тил жагынан катышуучу

  • бай сөз запасын;
  • грамматикалык конструкцияларды түрдүүчө колдоно билүү жөндөмдүүлүгүн;
  • теориялык-адабий түшүнүктөргө (троп жана стилистикалык фигуралардын аттарына) ээ экенин  ж.б.у.с. көрсөтөт.

Окулган тексттин негизинде өзүнүн ырааттуу айтымын (пикир) жаратуу аракети кептин «ой жүгүртүү» деген тибине шайкеш болуп, айтымы белгилүү түзүлүштө болууга тийиш. Олимпиада катышуучусунун окулган текстти колдонуу менен өз ойлорун жана ырастоолорун негиздеп берүү жөндөмдүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулат.

Иштин көлөмү эң аз дегенде 150 сөздү түзөт. Эгер иш кайра айтылган же көп бөлүгү кайра көчүрүлгөн комментарийсиз баштапкы тексттен гана турса, анда иш нөл упай менен бааланат.

Ишти текшерүүдө төмөнкү жөндөмдөр бааланат: конкурсант

  • берилген темага жараша текст түзөт;
  • ой жүгүртүүнүн далилдөөчү бөлүгүн курууда өз ойлорун логикалуу түрдө билдирет;
  • ынанымдуу жүйөлөрдү келтирет;
  • автордун белгиленген көйгөйлөргө карата болгон мамилесин аныктайт;
  • өз позициясын чагылдырат (автордуку менен салыштырат);
  • иштин жанры жана темасына жараша тил каражаттарын тандайт;
  • текстти адабий тилдин нормаларына жараша түзөт.

 

Жатка көркөм окуу. Көркөм окуу үчүн окуучунун жаш өзгөчөлүктөрү жана окурмандык муктаждыктары эске алынып, мектеп программасынан тышкары чыгармалар (ырлар, эпикалык же драмалык чыгармалардан үзүндүлөр) сунуш кылынат.

Көлөмү жагынан чоң же үндүн катуу чыңалышын талап кылган чыгармалар аткарылбоого тийиш, буларды өздөштүрүү аткаруучунун психикасы үчүн оор жүк болот. Ошондой эле көркөм окуу үчүн аткаруучунун жашына мүнөздүү эмес, жеке тажрыйбасынан узак ойлор жана сезимдер чагылдырылган чыгармаларды да албоо керек.

Ар бир окуучунун көркөм окуусунун узактыгы 5-7 мүнөттү түзөт.

Жатка көркөм окууну баалоонун негизги критерийлери:

  • текстти жакшы билүү;
  • кеп техникасы (дикция, орфоэпия, үндүн күчү);
  • кеп логикасы (логикалуу басымдарды жана тынымдарды сактоо);
  • эмоционалдуу-образдуу көркөмдүүлүк (эмоционалдуулук, чыгармага карата маанайды, өз мамилесин туюндуруу);
  • жаңсоо жана мимиканын колдонулушунун орундуулугу.

Чыгарманын тандалышын негиздеп берүү жана көркөм өзгөчөлүктөрүн мүнөздөө. Оозеки жоопторду баалоодо калыстар төмөнкү негизги критерийлерди жетекчиликке алат:

Конкурсант

  • мазмундуу жүйөлөрдү келтирүү менен чыгарманын тандалышын түшүндүрөт;
  • окулган чыгарманын идеялык-эстетикалык мазмунун ачып берүүдө көркөм каражаттардын ролун аныктайт;
  • чыгарманын көркөм өзгөчөлүктөрүн мүнөздөөдө теориялык-адабий түшүнүктөрдү колдонот;
  • жоопту сабаттуу, логикалуу, ырааттуу түрдө курат.

Чыгарманы сахналаштыруу, аны айтууда атайын кийимдерди кийүү ж.б.у.с. талап кылынбайт жана БААЛАНБАЙТ. Анткени бул негизги талаптарга туура келбейт. Эң негизги нерсе – окуучу авторду, анын чыгармасынын маанисин, автордун позициясын, ал позицияны туюндурууда колдонгон ыкмаларын түшүнүшү керек. Көркөм окулган тексттин талданышы ушул жагдайды чагылдырып бериши керек.

Көрсөтүлгөн предметтер боюнча тапшырмаларды иштеп чыгууда учурда колдонулуп                      жаткан билим берүү стандарттарында каралган тил билүү деңгээли эске алынат.