07.02.2020

Химия Область

III (областной) этап республиканской олимпиады школьников по химии

2019/2020

Инструкция по проведению

Областной этап олимпиады школьников по химии 2019-2020 состоит из двух туров:

- Практический тур (практическая задача)

Теоретический тур (3 теоретические проблемы)

 

Практический тур:

Практический тур проводится в первый день олимпиады. Продолжительность практического тура не более 4-х часов. Пояснения администратора участникам олимпиады по технике проведения работы, а также прочтение инструкций перед началом практического тура не входят в общий регламент времени.

Участникам олимпиады выдаются индивидуальные тетради с необходимым справочным материалом, инструкцией по технике безопасности и детализированной инструкцией по оформлению одной практической задачи. Участники олимпиады приводят решения и ответы непосредственно в тетради.

Участники олимпиады на практическом туре обязательно должны иметь при себе:

1)      белый халат;

2)      ручку с синей пастой;

3)      непрограммный калькулятор.

Теоретический тур:

Теоретический тур по химии проводится во второй день олимпиады. Продолжительность теоретического тура не более 4-х часов. Пояснения администратора участникам олимпиады перед началом теоретического тура не входят в общий регламент времени.

Участникам олимпиады выдаются индивидуальные тетради.

Тетрадь содержит: 1) необходимый справочный материал;

2) три теоретические проблемы.

Все задания в тетради представлены на кыргызском и русском языках. Участники олимпиады приводят решения и ответы непосредственно в тетради.

 Участники олимпиады на теоретическом туре обязательно должны иметь при себе:

ручку с синей пастой и непрограммный калькулятор.

Замечания: при проведении как практического, так и теоретического туров олимпиады участникам НЕ разрешается иметь при себе телефон и программный калькулятор.

 

Рекомендации организаторам оснащения

Практического тура III (областного) этапа олимпиады школьников

по химии 2019 -2020 

На рабочем месте перед каждым участником олимпиады поставить следующие приборы:

 

  1. *4 пластиковых одноразовых стаканчика по 200 мл, пронумерованных от 1 до 4
  2. *4 китайские палочки (для суши) или простые карандаши, к которым подходят канцелярские зажимы.
  3. *4 канцелярских зажима.
  4. *4 водорастворимых фломастера с тонким стержнем: синий, зеленый, красный, желтый (проверить, что фломастер водорастворимый можно следующим образом: поставить точку на бумагу и капнуть водой, если точка растекается, то краситель водорастворимый).
  5. Растворы в 4 флаконах по 20-30 мл, пронумерованные от 1до 4, (на каждого участника). Растворы участники разливают в стаканы (1см выше дна).
  6. Раствор 1 – дистиллированная вода.
  7. Раствор 2 – 10% водный раствор NaCl.
  8. Раствор 3 – вода: аптечный этиловый спирт (1:1)
  9. Раствор 4 – этиловый спирт
  10. Хроматографическая  бумага будет выдана Вам в день проведения практического тура.
  11. Потребуется высушивание хроматограмм. Можно использовать для этого фен или положить их на отопительные батареи.

ВАЖНАЯ ИНФОРМАЦИЯ

ОБ ЭТОМ УЧАСТНИКОВ НЕОБХОДИМО ПРЕДУПРЕДИТЬ ЗАРАНЕЕ

  1. Так как во многих школах технику  хроматографии подробно не рассматривают, мы предлагаем предупредить участников о том, что предстоит работа с использованием методики бумажной хроматографии. Поэтому учащимся желательно предварительно углубить свои знания по данной теме. Можно для этого использовать Internet (You Tube).
  2. Предлагаем отмеченные звёздочкой позиции в наборе приборов и материалов приобрести самим участникам (4 пластиковых одноразовых стаканчика – 6 сом; 4 палочки для суши – 6 сом; 4 фломастера - синий, зеленый, желтый, красный, 4 канцелярских зажима), как показано на рисунке выше.
  3. В лаборатории должны быть запасные комплекты, если у участника не будет соответствующих материалов.
  4. Если есть возможность, то организаторы оформляют все приборы, без участия участников.

 

Рис.  Прибор для бумажного хроматографирования.

  

5. Участники должны быть в белых халатах.

6. Принести с собой обязательно: ручку с синей пастой, простой карандаш, линейку с чёткой шкалой измерения, непрограммный калькулятор, ножницы, клей.

Химия боюнча мектеп окуучуларынын

 2019/2020 республикалык олимпиадасынын облустук этабы

 

Олимпиаданы өткөрүү боюнча нускама

Химия боюнча мектеп окуучуларынын 2019-2020 олимпиадасынын облустук этабы эки турдан турат:

- Практикалык тур (практикалык маселе)

- Теориялык тур (3 теориялык маселе)

Практикалык тур:

Практикалык тур олимпиаданын биринчи күнү өткөрүлөт. Практикалык турдун узактыгы 4 сааттан ашпаш керек. Ишти өткөрүү техникасы боюнча олимпиаданын катышуучуларына администратордун түшүндүрүүсү,  ошондой эле практикалык турдун башталышынын алдында нускамаларды окуп берүү жалпы убакыттын регламентине кирбейт.

Олимпиаданын катышуучуларына керектүү маалымат берүүчү окуу материалы бар, коопсуздук техникасы боюнча нускамалары жана бир практикалык маселени бир түргө келтирип жазуу боюнча деталдаштырылган нускамалары бар жеке дептерлер берилет. Олимпиаданын катышуучулары эсептөөлөрдү жана жоопторду дептерге түшүрүшөт.

Практикалык турда олимпиаданын катышуучуларында милдеттүү түрдө төмөндөгүлөр болуусу керек:

1)      ак халат;

2)      көк сыялуу калем;

3)      программасы жок калькулятор.

 

Теориялык тур:

Химия боюнча теориялык тур олимпиаданын экинчи күнү өткөрүлөт. Теориялык турдун узактыгы 4 сааттан көп болбош керек. Теориялык турдун башталышынын алдында олимпиаданын катышуучуларына администратордун түшүндүрүүсү убакыттын жалпы регламентине кирбейт.  

Олимпиаданын катышуучуларына жеке дептерлер берилет.

Дептерде: 1) керектүү маалымат берүүчү окуу материалы;                                           2) үч теориялык маселе. Дептердеги бардык тапшырмалар кыргыз жана орус тилдеринде көрсөтүлгөн. Олимпиаданын катышуучулары эсептөөлөрдү жана жоопторду дептерге түшүрүшөт.

Олимпиаданын катышуучуларында теориялык турда милдеттүү түрдө көк сыялуу калем жана программасы жок калькулятор болуусу керек.

Эскертүү: олимпиаданын практикалык да, ошондой эле теориялык турларын өткөрүүдө  катышуучуларга телефон жана программалык калькулятор алып кирүүгө уруксат БЕРИЛБЕЙТ.

Химия боюнча мектеп окуучуларынын

 2019/2020 республикалык олимпиадасынын облустук этабынын практикалык турунун жабдылышы боюнча олимпиаданын уюштуруучуларына сунуштар  

Жумуш ордуна, олимпиаданын ар бир катышуучусунун алдына, төмөнкү приборлорду коюу зарыл:

 

  1. *1ден 4кө чейин номерленген 200 мл өлчөмүндөгү 4 желим стакан.
  2. *Кеңсе кыпчыткычына бата турган 4 кытай тамак жегичи (палочкасы) же карандаш.
  3. *4 кеңсе кыпчыткычы.
  4. *Сууда эрий турган учу ичке 4 фломастер: көк, жашыл, кызыл, сары. Фломастердин сууда эрип-эрибестигин мындайча текшерсе болот: кагазга фломастер менен чекит коюп, сууну тамчылатып көрүү керек. Эгерде чекит жайылса, анда ал сууда эрий турган фломастер болуп саналат.
  5. 1ден 4кө чейин номерленген 20-30 мл өлчөмүндөгү 4 флакондо эритме.
  6. 1-эритме – дистилляцияланган суу.
  7. 2-эритме – 10%дык суу эритмеси NaCl.
  8. 3-эритме – суу: дарыканада сатылган этил спирти (1:1).
  9. 4-эритме – этил спирти.
  10. Хроматографиялык кагаз Сизге практикалык тур өткөрүлгөн күнү берилет.
  11. Хроматограммды кургатуу керектелет. Бул үчүн фен колдонууга же болбосо жылыткыч батареясынын үстүнө коюуга уруксат берилет.

МААНИЛҮҮ МААЛЫМАТ

БУЛ ЖӨНҮНДӨ КАТЫШУУЧУЛАРГА ЭРТЕРЭЭК АЛДЫН АЛА ЭСКЕРТҮҮ КЕРЕК.

  1. Хроматографиянын техникасы көпчүлүк мектептерде көп көңүл бурулуп каралбайт, биз катышуучуларга кагаз хроматографиясынын методун колдонуу менен алдыда иш болорун  эскертүүнү сунуштайбыз. Ошондуктан окуучулар бул берилген тема боюнча өздөрүнүн билимин алдын ала кеңейтүүсү ырас. Бул үчүн Internet (You Tube) колдонсо болот.
  2. Приборлордун жана материалдардын топтомундагы жылдызча менен белгиленген позицияларды катышуучулардын өздөрүнүн алып келүүсүн сунуштайбыз (4 желим бир жолу колдонула турган стакан – 6 сом; суши үчүн 4 таякча – 6 сом; 4 фломастер – көк, жашыл, сары, кызыл, 4 кеңсе кыпчыткычы) Жогорудагы сүрөттө көрсөтүлгөндөй.
  3. Эгерде катышуучуда тиешелүү материалдар жок болсо, лабораторияда запас комплекттери болуш керек.
  4. Эгер мүмкүнчүлүк болсо, анда уюштуруучулар катышуучуларды кийлигиштирбей, бардык приборлорду даярдап коюшат. 

Сүрөт.  Кагаз хроматографиясы үчүн прибор.

  

5. Катышуучулар ак халатчан болушу керек.

6. Өзү менен төмөндөгүлөрдү, сөзсүз, ала келиш керек:  көк сыялуу калем, карандаш, так ченөө шкаласы бар сызгыч, программасы жок калькулятор, кайчы, клей.