13.02.2018

Республиканская олимпиада. География

Олимпиада по географии 

 

1. Географическая олимпиада позволяет школьникам реализовать творческий потенциал, показать свою эрудицию, определиться с выбором продолжения географического образования и дальнейшей профессионализации в области географии.

 

2. Задания всех этапов олимпиады составлены в соответствии с требованиями ГОС и школьной программой по географии для учащихся 6 – 11 классов общеобразовательных учреждений Кыргызской Республики. Но характер заданий Олимпиады отличается от обычных учебных вопросов, прежде всего, занимательным характером, а также более сложным содержанием, выходящим за рамки учебной программы. Участники Олимпиады должны не только показать хорошие географические знания, но и продемонстрировать их глубину, географический кругозор, географическое мышление.

 

3. По содержанию задания касаются следующих областей знаний: физическая география, экономическая и социальная география, геоэкология и распределены по следующим основным тематическим блокам:

1. География Кыргызской Республики

2. Картография

3. Природа Земли

4. Население мира

5. Мировое хозяйство

6. Природопользование и геоэкология

7. Регионы и страны

 

4. Участникам олимпиады будут предложены задания трёх уровней:

I уровня – задания на знание географических понятий, закономерностей, фактов и явлений, ориентирование в географическом пространстве.

II уровня – задания на пояснение сложных природных и общественных процессов и явлений, определение взаимосвязей между явлениями.

III уровня – задания на понимание взаимосвязей между понятиями, требующие использования умений: анализировать факты и явления, сравнивать, обобщать и систематизировать и т.д.

 

5. Олимпиада проводится в два тура: практический тур и теоретический тур.

Задания практического тура имеют проблемный, исследовательский характер.  Участникам предлагаются разные варианты логических и расчетных географических задач, требующих навыков анализа картографических материалов, умений оперировать знаниями и работать с картами.  Так же предлагается список номенклатуры географических объектов по Кыргызской Республике и по Миру в целом.

 

В теоретическом туре участники выполняют тестовые задания закрытого (часть А) и открытого (часть Б) типа.

Часть А. Тестовые задания закрытого типа предусматривают различные варианты ответов на поставленный вопрос:

  • Задания с выбором одного правильного ответа. Из ряда предлагаемых вариантов ответов участнику олимпиады необходимо выбрать один ответ.
  • Задания на восстановление соответствия, в которых необходимо найти или приравнять части, элементы, понятия конструкциям, утверждениям; восстановить соответствие между элементами двух (и более) списков.

Часть Б. Задания открытого типа - задания свободного изложения или свободного конструирования:

  • Задания на определение географических терминов.
  • Задания, предполагающие развернутые ответы участников по сути задания.

Продолжительность теоретического тура определяется в объёме 3 астрономических часов.

 

6. Для выполнения заданий теоретического тура участникам олимпиады потребуется только ручка. А для выполнения заданий практического тура участникам олимпиады потребуются цветные ручки (синий, черный, зеленый), транспортир, линейка, карандаш, черновик (тетрадь, 12 листов), измерительный циркуль. Не допускается использование мобильных телефонов и других наглядных материалов (карты, атласы и т.п.). Все необходимые математические и графические расчёты выполняются в выданных администраторами черновиках.

 

 

 

 

 

 

 

 

География боюнча олимпиада

 

  1. География боюнча олимпиада окуучулардын чыгармачылык потенциалын ишке ашырууга, өз эрудициясын көрсөтүүгө, география боюнча билим алууну улантууга жана география багытында андан ары кесип тандоого мүмкүнчүлүк берет.

 

  1. География боюнча олимпиаданын бардык этаптар үчүн тапшырмалары мамлекеттик билим берүү стандартынын жана Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринин 6-11-класстарынын окуучулары үчүн география сабагы боюнча мектеп программасынын талаптарына ылайык түзүлгөн. Бирок олимпиаданын тапшырмаларынын мазмуну, адатта, сабакта берилген суроолорго караганда окуу программасынан тышкары чыккан кызыктуу жана салыштырма татаал мазмуну менен айырмаланат. Олимпиаданын катышуучулары жөн гана география боюнча мыкты билимин көрсөтпөстөн, билиминин тереӊдигин, өзүнүн географиялык кругозорун, географиялык ой жүгүртүүсүн көрсөтүшү керек.

 

3. Тапшырмалар мазмуну боюнча билимдин төрт тармагына (физикалык, экономикалык, социалдык география жана геоэкология) тиешелүү болуп, төмөнкү негизги тематикалык блокторго бөлүнгөн:

1. Кыргызстандын географиясы

2. Картография

3. Жердин жаратылышы

4. Бүткүл дүйнөнүн калкы

5. Бүткүл дүйнөлүк чарба

6. Жаратылышты пайдалануу жана геоэкология

7. Региондор жана өлкөлөр

 

4. Олимпиаданын катышуучуларына үч деӊгээлдеги тапшырмалар берилет:

I деӊгээл – географиялык түшүнүктөрдү, мыйзам ченемдүүлүктөрдү, факты жана кубулуштарды билүүнү, географиялык мейкиндикте багытты табууну баалаган тапшырмалар.

II деӊгээл – жаратылыштын жана коомдун татаал процесстерин жана кубулуштарын түшүндүрүүгө, кубулуштардын ортосундагы карым-катыштарды аныктоого багытталган тапшырмалар.

III деӊгээл – билгичтиктерди колдонууну талап кылган, түшүнүктөрдүн ортосундагы карым-катышты түшүнүүгө багытталган тапшырмалар: факты, кубулуштарды талдоо, салыштыруу, жалпылоо жана системалаштыруу ж.б.

 

 

5. Олимпиада эки тур  (теориялык жана практикалык) менен өткөрүлөт.

Практикалык турдун тапшырмалары проблемалык (көйгөйлүү), изилдөөчүлүк мүнөзгө ээ. Катышуучуларга картографиялык материалдарды талдоону, билимди пайдаланууну жана карта менен иштөөнү талап кылган ар түрдүү логикалык жана эсептөөчү географиялык маселелер сунушталат. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана Дүйнөнүн географиялык объектилеринин тизмеси сунушталат.

 

Теориялык турда катышуучулар жабык (А бөлүгү) жана ачык (Б бөлүгү) типтеги тапшырмаларды аткарышат.

А бөлүгү. Жабык типтеги тест тапшырмаларындагы берилген суроого ар кандай вариантта жооп берсе болот:

 

  • Бир жоопту тандоо боюнча тапшырмалар. Олимпиаданын катышуучусу сунушталган жооп варианттарынан бир туура жоопту тандашы керек.
  • Бөлүк, элемент, түшүнүктөрдү таап же  конструкция, ырастоолорго теӊдештирип; эки (же көп) тизменин элементтеринин ортосундагы дал келүүнү калыбына келтирүүгө багытталган тапшырмалар.

 

Б бөлүгү. Ачык типтеги тапшырмалар – эркин баяндоо же эркин түзүлүштөгү тапшырмалар:

  • Географиялык терминдерди аныктоого багытталган суроолор.
  • Тапшырманын мазмуну боюнча катышуучулардын кеӊири жоопторун талап кылган тапшырмалар. 

Теориялык турдагы тапшырмаларды аткарууга бөлүнгөн убакыт 3 астрономиялык сааттан ашпаган көлөмдө аныкталат.

 

6. Теориялык турдун тапшырмаларын аткаруу үчүн олимпиаданын катышуучуларына бир гана калем керек болот. Ал эми практикалык турдун тапшырмаларын аткаруу үчүн үч түстүү калем (көк, кара, жашыл), транспортир, сызгыч, карандаш, ченөөчү циркуль, черновик керектелет. Уюлдук телефондорду жана башка көрсөтмө куралдарын  (карта, атлас ж.б.у.с.) пайдаланууга тыюу салынат. Керектүү болгон бардык математикалык эстептөөлөрдү администраторлор тараткан черновиктерге жазып аткарса болот.