12.02.2018

Республиканская олимпиада. Физика

Требования к проведению республиканского этапа школьной олимпиады по физике

Олимпиада проводится в два тура: экспериментальный тур и теоретический тур.

 

1-й день - экспериментальный тур

1.1. По времени выполнения предлагается 1 или 2 экспериментальных задания. Максимальный балл за экспериментальный тур-20 баллов. 

1.2. Продолжительность работы – 4 часа без перерыва.

1.3. Для выполнения экспериментальных заданий выдаются необходимые приборы и принадлежности для определения искомой физической величины, участник должен использовать все предоставленные приборы и принадлежности.

1.4. Изучив условие задания участник должен предельно конкретно сформулировать цели, которые должны быть достигнуты в ходе выполнения каждого пункта задания.

1.5. Снимая показания приборов, записывайте результаты с той максимальной точностью, которую обеспечивает ваша установка, округлить после запятой до двух значений.

1.6. Обработка результатов измерений включает: вычисление численного значения измеряемых физических величин; оценку их погрешностей; правильное округление результата; грамотное построение графиков; обработку графических зависимостей.

1.7. Важное значение имеет оформления работы. Участнику олимпиады для получения максимального балла необходимо грамотно оформить работу.

         В теоретическом описании необходимо кратко изложить вывод тех формул, которые в дальнейшем будут использованы как для экспериментальной проверки, так и для расчетов требуемых физических величин.

         Схема установки, рисунки обязательно должны присутствовать в работе. Достаточно указать основные элементы установки, обеспечивающие измерение нужных физических величин. Из схемы должны быть понятны все методики измерения. При проведении электрических измерений необходимо привести принципиальную электрическую схему с использованием стандартных обозначений.

         Все результаты измерений, которые считаются необходимыми, должны быть представлены в одной или нескольких таблицах результатов измерений. Таблицы должны быть логичными и удобочитаемыми. Не забывайте о единицах измерений в  системе СИ,  которые обязательно необходимо указать.

 

2-день - теоретический тур

2.1. Участникам  предлагается задание из 5 задач из разных разделов физики.

2.2. Содержание задач соответствует школьному материалу изучаемых в 10 и 11 классах, но предлагаемые задачи явлются повышенной сложности и имеют особый олимпиадный характер.

2.3. Время работы над заданиями составляет 4 часа без перерыва.

2.4 Участникам  10 и 11 классах, как для углубленного так и базовой формы обучения предоставляются одинаковые задания.

2.5 Тексты предлагаемых задач расположены в хронологическом порядке изучения  физики. 

2.6 Тексты задач составляются на кыргызском и русском языках и предоставляются каждому участнику персонально.

2.7 Текст задачи дополняется рисунком, схемой, графиком, таблицей, а также физическими величинами, взятыми из справочника.

2.8 После текста задачи указывается балл, по которым оценивается данная задача в случае ее безукоризненного решения (всего за первый тур -30 баллов).

2.9 В первую очередь необходимо внимательно ознакомиться со всеми  условиями  задач, чтобы разумно спланировать своё время;

- начать решение с самой легкой задачи;

- чтобы не упустить время, надо не останавливаться на решении одной  задачи, лучше решить несколько посильных задач, чем одну сложную;

- при решении задач, не тратя время на словесное описание заданий, лучше  максимально передать в виде последовательных формул, схем, графиков и т.д.;

- Расчеты вести в системе СИ

 - участник олимпиады помимо школьной программы по физике должен уметь строить графики, знать векторный анализ, производные, уметь вычислять дифференциальные и  интегральные уравнения.

2.10. При оценивании работы, записи в черновиках не учитываются. Все записи по выполнению заданий ведутся  исключительно в выданной тетради с печатями. Запрещается вырывать тетрадные листы. Допускается пользоваться только ручками с синей  пастой. 

2.11. Участники могут пользоваться обычным калькулятором без дополнительных программ, справочными данными постоянных величин, таблицей Брадиса. Во время олимпиады участникам запрещается пользоваться сотовым телефоном,  заносить учебники.

3. Порядок проведения апелляции по результатам проверки заданий

 

3.1. Апелляция проводится в случаях несогласия участника олимпиады с результатами оценивания его олимпиадной работы или нарушения процедуры проведения олимпиады.

3.2.  Участнику Олимпиады, подавшему апелляцию, предоставляется возможность убедиться в том, что его работа проверена и оценена в соответствии с установленными требованиями.

 3.3. Апелляция участника олимпиады рассматривается во второй день олимпиады только по результатам теоретического тура.

3.4. Для проведения апелляции участник олимпиады подает письменное заявление на имя председателя жюри.

3.5. На рассмотрении апелляции имеют право присутствовать участник олимпиады, подавший заявление и сопровождающий его учитель соответствующего предмета. Если такового нет в составе команды, он может быть привлечён из числа независимых преподавателей - предметников, присутствующих на Олимпиаде.  По решению апелляционной комиссии, участнику может быть разрешено присутствие на апелляции, в качестве сопровождающего,  руководителя команды. Сопровождающее лицо не имеет права вмешиваться в работу апелляционной комиссии.

3.6.По результатам рассмотрения апелляции апелляционная комиссия принимает одно из решений: – апелляцию отклонить и сохранить выставленные баллы; – апелляцию удовлетворить и изменить оценку.

 

3.7. Решения апелляционной комиссии являются окончательными и пересмотру не подлежат. 

Физика боюнча мектеп окуучуларынын  республикалык олимпиадасына  коюлган талаптар

Олимпиада эки тур менен өткөрүлөт: теоретикалык жана эксперименталдык тур.

 

1-күн – эксперименталдык тур

1.1 Тапшырманы аткаруу убактысына карап, бир же эки эксперименталдык тапшырма берилет  (бул турдун максималдык баллы – 20 балл). Берилген тапшырмалар окуу програмасынан чыкпайт.

1.2. Экспериментке берилген убакыт, тыныгуусуз  – 4 саат.

1.3. Эксперименталдык тапшырманы аткаруу үчүн керектелүүчү приборлор жана куралдар берилет. Тапшырманы аткарууда катышуучу берилген приборлор жана куралдардын бардыгын колдонуп, изилденүүчү физикалык чоңдукту табыш керек.

1.4 Тапшырманын шарты менен таанышып чыгып, катышуучу кайсы чоңдукту аныкташы керектигин так түшүнүшү керек. Башында таблица чийип, аныкталуучу   чоңдуктарды таблицага жазып алуу, кийин эксперименттин жыйынтыгын алууда  жардам берет.

1.5 Приборлордун көрсөтүүлөрүн мүмкүн болушунча так жазууга аракет кылуу керек, тегеректөө жолу менен үтүрдөн кийинки эки санга чейин тегеректегиле.

1.6 Өлчөөлөрдүн жыйынтыгы төмөнкүлөрдү камтыйт: физикалык чоңдуктардын сандык маанисин табуу; алардын катасын баалоо; жыйынтыгын туура тегеректөө; графиктерди туура жана так түзүү, бирдиктерин көрсөтүү.

1.7 Олимпиаданын катышуучусу максималдык балл алуу үчүн, тапшырманын  жообун туура, так формада, каталыктарды эсептөө менен акыркы жыйынтыгын жазып, анализ жүргүзүш керек.

 

2-күн – теоретикалык тур

2.1 Олимпиаданын катышуучуларына физиканын ар кандай бөлүктөрүнөн турган 5 тапшырма сунушталат.

2.2 Тапшырманын мазмуну 10-11-класстардын окуу программасына  туура келет, бирок олимпиадалык тапшырмаларга туура келиш үчүн татаалыраак түзүлөт.

2.3            Тапшырманы аткарууга тыныгуусуз 4 саат убакыт берилет.

2.4 Тапшырмалар физиканы тереңдетип окуган катышуучулар үчүн жана базалык окуу формалары үчүн бирдей түзүлөт.

2.5 Берилген тапшырмалар физика курсун окутуудагы бөлүмдөрдүн тартиби боюнча жайгаштырылат.

2.6 Тапшырмалар кыргыз жана орус тилдеринде түзүлүп, ар бир катышуучуга өзүнчө берилет.

2.7 Тапшырмалар сүрөттөр, графиктер, таблицалар жана физикалык чоңдуктардын таблицалык  маанилери менен толукталат.

2.8  Ар бир маселенин аягында (маселе туура чыгарылса) ага коюлуучу балл көрсөтүлгөн, жалпысынан тапшырмалардын максималдуу баллы – 30 балл.

2.9 Олимпиаданын катышуучусу, тапшырма алгандан кийин, мазмуну менен таанышып чыгып, 15 мүнөттүн ичинде   суроолорун  жазуу түрүндө бере алат.  Убакытты туура пайдалануу үчүн биринчи кезекте бардык тапшырмалардын шарты менен таанышып чыгуу керек. Сунуш иретинде:

- убакытты өткөрүп жибербеш үчүн бир эле  тапшырманын үстүндө иштебей,  ар бир тапшырманы чыгарууга аракет кылыш керек;

- тапшырманы чыгарууда сөз түрүндө көп жазбай, формулалар, схемалар, график түрүндө берүү керек ;

-  табылган чодуктардын бирдигин СИ системасында берүү керек;

- олимпиаданын катышуучусу мектептик программмадан сырткары векторлор менен иштөөнү, туунду, дифференциал, интеграл алганды билүүсү керек.

2.10. Тапшырманы баалоодо черновикте жазылгандар эсепке алынбайт. Тапшырма берилген дептерде гана аткарылышы керек. Дептердин барагын жулууга болбойт. Бир гана көк калем менен жазуу керек.

2.11 Катышуучулар кошумча программалары жок жөнөкөй калькулятор, турактуу чоңдуктардын справочнигин, Брадистин таблицасын колдоно алышат. Олимпиада учурунда уюлдук телефонду, окуу китептерин колдонууга тыюу салынат. 

3. Апелляция жүргүзүүнүн тартиби 

3.1. Олимпиаданын катышуучусунун ишин баалоодо нааразычылык пайда болсо, апелляция жүргүзүлөт. 

3.2. Апелляцияга арыз берген катышуучуга анын аткарган иши көрсөтүлгөн талаптар боюнча текшерилгендигин көрүүгө мүмкүндүк түзүлөт.

3.3. Апелляция олимпиаданын экинчи күнүндө, тактап айтканда, теориялык турда гана  өткөрүлөт.

3.4. Олимпиаданын катышуучусу апелляцияга  кирүү үчүн калыстар тобунун төрагасына арыз менен кайрылат.

3.5. Апелляцияга арыз жазган катышуучу жана аны коштоп жүргөн предметтик мугалими кире алат. Эгер катышуучунун жанында андай адам жок болсо, анда ошол предмет боюнча олимпиадада жүргөн көз карандысыз бир мугалим тартылышы мүмкүн. Апелляциялык комиссиянын чечими менен, катышуучунун апелляцияга кирүүсүнө уруксаат берилиши мүмкүн. Катышуучуну коштоп жүргөн тарап апелляциялык комиссиянын ишине тоскоол болбошу керек.

3.6.   Апелляциянын жыйынтыгында төмөнкү чечимдердин бири кабыл алынат:

– апелляцияны жокко чыгарып, мурунку коюлган баллы сакталат.

– апелляцияны канааттандыруу менен баллы өзгөрүлөт.

3.7. Апелляциялык комиссиянын чечими акыркы чечим болуп эсептелет жана ал кайра каралбайт.