07.02.2020

Физика Область

Требования к проведению III (областного) этапа республиканской школьной олимпиады по физике 2019-2020

Олимпиада проводится в два тура: исследовательский тур и теоретический тур.

1-й день – исследовательский тур.

Участникам предлагается индивидуальная тетрадь на кыргызском и русском языках, в которой содержатся 2 исследовательских задания.

Продолжительность работы не более 4 часов без перерыва.

1.1.       Каждое задание содержит информационную часть, условие и вопрос.

1.2.       В предлагаемых заданиях содержится проблема, решаемая с помощью логических умозаключений и математических действий на основе законов и методов физики.

1.3.       Участник должен чётко представлять, что является объектом его исследования – то или иное явление реальной действительности, которое не создаётся и не конструируется самим участником.

1.4.       Участник должен уметь выявлять предмет исследования – устройство исследуемого объекта, условно обособленные механизмы его действия, которые предопределяют его известные свойства.

1.5.       Исследовательские задания, предлагаемые участнику, проводятся без гипотезы. Задачей участника является превратить «всем известное» из обыденного мнения в научно установленный факт.

1.6.       Изучив условие задания, обозначив объект исследования, выявив его предмет, участник должен сначала установить промежуточные зависимости между данными физическими величинами, стараясь подготовить почву для определения искомой величины.

1.7.       На этапе решения участник приводит преобразование записанных формул и осуществляет намеченный план действий.

1.8.       Результат, полученный участником должен быть субъективно новым – открывается то, чего участник не знал.

1.9.       Выполнение исследовательского задания опирается как на физическую стадию, так и на математическую стадию.

1.10.   Анализ численного ответа участника включает в себя:

- использование метода размерностей;

- проверку того, что полученный численный ответ является физически значимым и соответствует возможным значениям искомой величины;

- установление соответствия ответа условию задачи.

1.11.   Проблема, вскрытая участником в ходе выполнения задания, должна выступать источником развития. Это может быть выражено как идеальный конечный результат (ИКР).

ИКР – решение, которое участник хотел бы видеть в своих мечтах: система, в которой необходимое действие получается при минимальных затратах.

1.12.   Для выполнения исследовательских заданий участнику предоставляются табличные данные, которые он использует по своему усмотрению.

1.13. В качестве лабораторного оборудования каждому участнику потребуется следующее:

1. Стакан литровый пластиковый

2. Вода водопроводная полтора литра

3. Шприц одноразовый 20-милилитровый

4. Теннисный шарик для настольного тенниса один

5. Ткань для мытья пола полметра

6, Штатив с креплением (лапкой)

7. Ручка с синей пастой

8. Простой карандаш

9. Линейка пластмассовая 20 см

10. Мерная лента (сантиметр) 1.5 метра

11. Калькулятор непрограммный (обычный)

 

2-день - теоретический тур.

2.1. Участникам  предлагаются 4 задачи из разных разделов физики.

2.2. Содержание задач соответствует школьному материалу изучаемых в 10 и 11 классах, но предлагаемые задачи явлются повышенной сложности и имеют особый олимпиадный характер.

2.3. Время работы над заданиями составляет 4 часа без перерыва.

2.4. Участникам  10 и 11 классах, как для углубленного так и базовой формы обучения предоставляются одинаковые задания.

2.5. Тексты предлагаемых задач расположены в хронологическом порядке изучения  физики. 

2.6. Тексты задач составляются на кыргызском и русском языках и предоставляются каждому участнику персонально.

2.7. Текст задачи может дополняться рисунком, схемой, графиком, таблицей, а также физическими величинами, взятыми из справочника.

2.8. В первую очередь необходимо внимательно ознакомиться со всеми  условиями  задач, чтобы разумно спланировать своё время;

- начать решение с самой легкой задачи;

- чтобы не упустить время, надо не останавливаться на решении одной  задачи, лучше решить несколько посильных задач, чем одну сложную;

- при решении задач, не тратя время на словесное описание заданий, лучше  максимально передать в виде последовательных формул, схем, графиков и т.д.;

- расчеты вести в системе СИ

 - участник олимпиады помимо школьной программы по физике должен уметь строить графики, знать векторный анализ, производные, уметь вычислять дифференциальные и  интегральные уравнения.

2.9. При оценивании работы, записи в черновиках не учитываются. Все записи по выполнению заданий ведутся  исключительно в выданной тетради с печатями. Запрещается вырывать тетрадные листы. Допускается пользоваться только ручками с синей  пастой. 

2.10. Участники могут пользоваться обычным калькулятором без дополнительных программ, справочными данными постоянных величин, таблицей Брадиса.

Во время олимпиады участникам запрещается пользоваться сотовым телефоном,  иметь при себе учебники.

 

2019-2020 физика боюнча мектеп окуучуларынын  республикалык олимпиадасынын III (облустук) этабына  коюлуучу талаптар

             Олимпиада эки тур менен өткөрүлөт: изилдөө туру жана теоретикалык тур.

 

1-күн – изилдөө туру.

Катышуучуларга 2 изилдөө тапшырмасын камтыган кыргыз жана орус тилдеринде жеке дептер сунушталат.

Тапшырманы аткарууга тыныгуусуз 4 саат убакыт берилет.

1.1.       Ар бир тапшырма маалымат бөлүгүн, шарт жана суроолорду камтыйт.

1.2.       Сунушталган тапшырмаларда физиканын закондору жана методдорунун негизинде логикалык корутунду чыгаруу жана математикалык амалдардын жардамы менен чыгарыла турган маселе камтылат.

1.3.       Катышуучу анын изилдөө объектиси эмне экендигин, б.а., өзү жарата албаган же конструкциялай албаган тигил же бул реалдуу чындыктын кубулушун так түшүнүп алуусу зарыл.

1.4.       Катышуучу изилдөө предметин – изилденип жаткан объектинин түзүлүшүн, анын белгилүү касиеттерин алдын ала белгилеген аракеттин шарттуу түрдө обочолонгон механизмдерин аныктай билиши керек.

1.5.       Катышуучуга сунушталган изилдөө тапшырмалары гипотезасыз өткөрүлөт. Катышуучунун милдети  «баарына белгилүү» кадыресе ойду илимий жактан аныкталган фактыга айландыруу болуп саналат.

1.6.       Катышуучу тапшырманын шарты менен жакшы таанышып, изилдөө объектисин так белгилеп, анын предметин таап алгандан кийин, алгач эле изделип жаткан чондукту аныктоо үчүн негиз даярдоого аракет кылуу менен физикалык чоңдуктардын белгилеринин арасындагы ара көз карандылыктарын аныкташы керек. 

1.7.       Катышуучу чыгаруу этабында жазылган формулаларды кайра өзгөртүп, иш-аракеттердин белгиленген планын аткарат.

1.8.       Катышуучу тарабынан алынган жыйынтык субъективдүү жаңы болушу зарыл, б.а., катышуучу билбеген нерсе ачылат.

1.9.       Изилдөө тапшырмасын аткаруу физикалык баскычка да, математикалык баскычка да таянат.

1.10.   Катышуучунун сандык жообунун анализи өз ичине төмөнкүлөрдү камтыйт:

- өлчөмдүүлүктөр ыкмасын колдонуу;

- алынган сандык жооп физикалык жактан маанилүү экендигин жана изделип жаткан чоңдуктун мүмкүн болгон маанилерине туура келишин текшерүү;

- жооптун тапшырманын шартына ылайык келишин аныктоо.

1.11.   Тапшырманы аткаруунун жүрүшүндө  катышуучу тарабынан ачылган маселе (көйгөй) өнүгүүнүн булагы болуп эсептелиши керек. Бул идеалдуу соңку натыйжа (ИСН) катары көрсөтүлүшү мүмкүн.

ИСН – катышуучу өз кыялдарында көргүсү келген чыгарылыш: керектүү аракет эң аз чыгымдар менен алынган система.

1.12.   Изилдөө тапшырмаларын аткаруу үчүн катышуучуга өз каалоосуна жараша колдоно турган таблицалык маалыматтар берилет.    

1.13.   Лабораториялык жабдуу катары ар бир катышуучуга төмөндөгүлөр керектелет:

  1. Бир литрлик желим стакан
  2. Крандан алынган жарым литр суу
  3. 20 милилитр өлчөмүндөгү бир жолу колдонулуучу шприц
  4. Үстөл тенниси үчүн бир теннис шариги
  5. Полду жууш үчүн жарым метр чүпүрөк
  6. Бекиткичи бар (лапкасы бар) штатив
  7. Көк сыялуу калем
  8. Карандаш
  9. 20 сантиметрлик желим сызгыч  
  10. 1,5 метрлик өлчөөчү тасма (сантиметр)
  11. Программасы жок (жөнөкөй) калькулятор

 

2-күн – теоретикалык тур.

2.1. Катышуучуларга физиканын ар кандай бөлүктөрүнөн 4 тапшырма сунушталат.

2.2. Тапшырмалардын мазмуну 10-11-класстарда окутулган мектеп материалына туура келет, бирок сунушталган тапшырмалар татаал жана өзгөчө олимпиадалык мүнөзгө ээ.

2.3. Тапшырмаларды аткарууга тыныгуусуз 4 саат убакыт берилет.

2.4. 10-11-класстардын физиканы тереңдетип окуган катышуучулары үчүн жана базалык окуу формалары үчүн бирдей тапшырмалар сунушталат. 

2.5. Берилген тапшырмалардын тексттери физиканы окутууда белгиленген хронологиялык тартипте жайгаштырылган. 

2.6. Тапшырмалардын тексттери кыргыз жана орус тилдеринде түзүлүп, ар бир катышуучуга өзүнчө берилет.

2.7. Тапшырмалар сүрөт, схема, график, таблица жана маалымат китепчелеринен алынган физикалык чоңдуктар менен толукталышы мүмкүн.

2.8. Убакытты туура пландаштыруу үчүн биринчи кезекте бардык тапшырмалардын шарты менен көңүл коюп таанышып чыгуу керек:

- эң жөнөкөй тапшырманы чыгаруудан баштоо керек;

- убакытты өткөрүп жибербеш үчүн бир оор тапшырманы эмес, бир канча чыгара ала турган тапшырманы аткарган жакшы;

- тапшырманы чыгарууда аны сөз менен баяндоого убакыт кетирбестен, ырааттуу формулалар, схемалар, графиктер ж.б. түрүндө максималдуу берүү керек;

- эсептерди СИ системасында жүргүзүү керек;

 - олимпиаданын катышуучусу физика боюнча мектеп программасынан тышкары график түзгөндү, вектордук анализди, туундуларды, дифференциалдык жана интегралдык тендемелерди эсептей билиши керек.

2.9. Тапшырманы баалоодо черновикте жазылгандар эсепке алынбайт. Тапшырмаларды аткарууда жазуулар мөөрү бар дептерде гана жазылышы керек. Дептердин барактарын айрууга тыюу салынат. Көк калем менен гана жазууга уруксат берилет. 

2.10. Катышуучулар кошумча программалары жок жөнөкөй калькулятор, турактуу чоңдуктардын справочнигиндеги маалыматтар менен, Брадистин таблицасын колдоно алышат.

Олимпиада учурунда уюлдук телефонду колдонууга, жанында окуу китептерин алууга тыюу салынат.