19.05.2020
ББОУБ 2020-жылы киргизилген кыргыз тили жана адабияты боюнча предметтик тест жөнүндө маалымдайт
КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ
Бул тестти Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунда филология адистигине окууну каалаган абитуриенттер тапшырат.
Тест эки бөлүмдөн турат:
- кыргыз тили;
- кыргыз адабияты.
Кыргыз тили
Кыргыз тили боюнча 20 суроо берилет.
Суроолор, мектеп программасынын негизинде, тил илиминин төмөнкү бөлүмдөрү боюнча түзүлдү:
- фонетика;
- лексика;
- морфология;
- синтаксис;
- орфография;
- пунктуация;
- стилистика.
Кыргыз тили боюнча тестти шарттуу түрдө экиге бөлүп кароого болот: биринчи бөлүк (15 суроо); экинчи бөлүк (текст жана ага карата 5 суроо).
Жалпы республикалык тесттин негизги тестинин IV бөлүмүндө практикалык грамматикага, ал эми бул тестте теориялык грамматикага басым жасалат. Шилтемеге кирип (https://youtu.be/JQyhremIMSE), бул видеосабакты тестке даярданууда кошумча материал катары пайдалансаңар болот.
Тест тапшырмалары жөнөкөйдөн татаалга принциби боюнча жайгаштырылган: биринчи жөнөкөй суроолор берилип, анан барган сайын татаалдашып отурат.
Текстке карата тилдин деңгээлдери боюнча 5 суроо берилет: тексттин стилин аныктоо; сөздүн контексттеги маанисин чечмелөө; белгиленген сөздөрдөн кийин тыныш белгилерин коюу ж.б.у.с.
Кыргыз тили боюнча суроолордун үлгүлөрү:
1-мисал.
Кайсы варианттагы асты сызылган сөз байламталык милдетти аткарат?
(А) Киши – киши менен киши.
(Б) Уулуңуз биз менен ойноп турсун.
(В) Даам менен тузга жолдош табылбайт.
(Г) Эр башына күн түшсө, өтүгү менен суу кечет.
Туура жообу: В
2-мисал.
Туздуу суудагы эң күлүк балык – форель.
Сүйлөмдөгү асты сызылган сөздөр бири-бири менен кандай жол аркылуу байланышкан?
(А) ыкташуу
(Б) таандык
(В) башкаруу
(Г) ээрчишүү
Туура жообу: Г
Кыргыз адабияты
Кыргыз адабияты боюнча да 20 суроо берилет.
Бул тест кыргыз адабияты боюнча мектептеги окуу программасын эске алуу менен түзүлдү. Тест тапшырмаларында кыргыз адабиятынын негизги учурлары, көрүнүктүү акын-жазуучулардын өмүрү-чыгармачылыгы, негизги теориялык-адабий түшүнүктөр камтылды.
Абитуриенттер төмөндөгүдөй билгичтиктерди көрсөтө билүүсү керек:
- тарыхый-адабий процесстин жана кыргыз жазуучуларынын өмүрү-чыгармачылыгынын урунттуу учурларын көрсөтө билүү;
- эпикалык, лирикалык, драмалык чыгармалардын негизги идеясын ачып берүү;
- чыгармалардын ортосундагы мазмундук үндөштүктү таба билүү;
- негизги теориялык-адабий түшүнүктөрдү жана көркөм кептин өзгөчөлүктөрүн колдоно билүү;
- адабий чыгармалардын жанрдык бөтөнчөлүктөрүн аныктай билүү;
- жазуучунун көркөм дүйнөсүнүн негизги сапаттарын, автордук позициясын чечмелей билүү;
- адабият изилдөөчүлөрдүн жана сынчылардын көз караштарынын ортосундагы бири-бирин ырастаган, төгүндөгөн, чечмелеген, толуктаган ойлорду ажырата билүү ж.б.у.с.
Тесттин биринчи бөлүгү адабияттагы 4 багыт боюнча түзүлдү: адабият теориясы, адабий образдар, адабият тарыхы, автордук позиция жана автордук дүйнө.
Тесттин экинчи бөлүгүндө абитуриенттерге текст жана ага карата төмөндөгүдөй суроолор берилет: образдык система, автордук позиция, подтекстти аныктоо, жанрдык өзгөчөлүктөр, көркөм кептин өзгөчөлүктөрү, кейипкерлердин мүнөздөмөлөрү, тексттеги көркөм-сүрөттөө каражаттарынын ролу ж.б.у.с.
Кыргыз адабияты боюнча суроолордун үлгүлөрү:
1-мисал.
...Бул өмүргө миң жашасаң тойбойсуң,
Өмүр көлүн өнөр менен бойлойсуң.
Анда-санда таш күзгүдөн каранып,
Жайдын өтүп, күз түшкөнүн ойлойсуң.
(Р. Шүкүрбеков)
Жогорудагы ыр саптарынан уйкаштыктын кайсы түрүн кезиктирүүгө болот?
(А) Аксак
(Б) Оромо
(В) Аттама
(Г) Шыдыр
Туура жообу: А
2-мисал.
_____ – ачуу күйгүлтүк сөздөр менен каармандын тескери жактарын мыскылдоо, ашкерелөө.
Жогорудагы боштукту төмөндөгүлөрдүн кайсынысы менен толуктоо керек?
(А) Юмор
(Б) Ирония
(В) Сатира
(Г) Сарказм
Туура жообу: Г
Программанын мазмуну
- Адабий каарман жана анын жаралышы (портрет, кеп, көркөм деталь, пейзаж).
- Каарман. Прототип түшүнүгү. Адабий тип. Лирикалык каарман. Көркөм адабияттын тектери (эпос, лирика, драма) жана анын негизги жанрлары.
- Чыгарманын мазмуну жана формасы. Сюжет, фабула, конфликт. Чыгарманын композициясы. Тема, проблема, идея.
- Көркөм чыгармадагы көркөм туюндуруу каражаттары. Салыштыруу, эпитет, метонимия, метафора, аллегория, символ, гипербола, антитеза.
- Аллитерация, ассонанс, анафора, эпифора, градация.
- Элдүүлүк, адабияттагы гуманизм жана психологизм.
- Адабияттагы салттуулук жана жаңычылдык.
- Ырдын өзгөчөлүктөрү. Поэтикалык интонация.
- Ыр өлчөмү (ямб, хорей, дактиль, амфибрахий, анапест).
- Адабияттагы комедиялуулуктун түрлөрү (юмор, ирония, сатира, сарказм).
- Комедиялуулукту түзүү жолдору (каражаттары) (гипербола, гротеск).
- Адабият тарыхы
Тарыхый-адабий процесс. Негизги адабий багыттар жана агымдар: классицизм, сентиментализм, романтизм, реализм, модернизм, символизм, акмеизм, футуризм.
XIX-XX кылымдардагы акын-жазуучулардын өмүр баяны, жашоосу, чыгармачылыгы: кыргыз адабиятынын жана маданиятынын тарыхына кошкон салымдары.
Абитуриенттерге төмөнкү элдик оозеки чыгармачылыктагы кенже эпосторду, дастандарды; эл акындарынын жана кыргыз профессионал адабиятындагы акын-жазуучулардын, драматургдардын чыгармаларын сунуштайбыз:
«Жаныш-Байыш»;
«Кедейкан»;
«Кожожаш»;
«Шырдакбек»;
«Эр Табылды»;
«Эр Төштүк» ж.б.
Арстанбек Буйлаш уулу. Казалдары;
Барпы Алыкулов. Ырлары;
Жеңижок. Ырлары;
Калыгул Бай уулу. Ырлары;
Молдо Кылыч. Ырлары жана казалдары;
Токтогул Сатылганов. Ырлары ж.б.
Аалы Токомбаев. «Кандуу жылдар», «Жараланган жүрөк»;
Алыкул Осмонов. Ырлары жана поэмалары;
Аман Саспаев. «Татым туз», «Сарала ит»;
Байдылда Сарногоев. Ырлары;
Беганас Сартов. «Роботтун туулган күнү», «Үчүнчү толкун»;
Жалил Садыков. «Манастын уулу Семетей»;
Жоомарт Бөкөнбаев. Ырлары;
Жусуп Турусбеков. «Ажал ордуна», «Энем»;
Касым Тыныстанов. Ырлары;
Касымалы Баялинов. «Ажар»;
Касымалы Жантөшев. «Каныбек», «Курманбек»;
Кубанычбек Маликов. «Балбай»;
Кусейин Эсенкожоев. «Үчүнчү шар»;
Мидин Алыбаев. Ырлары;
Мукай Элебаев. «Күүнүн сыры», «Узак жол», «Бороондуу күнү»;
Райкан Шүкүрбеков. Ырлары;
Сүйүнбай Эралиев. «Жаңыл Мырза», «Аттын ыйы»;
Токтоболот Абдымомунов. «Абийир кечирбейт»;
Төлөгөн Касымбеков. «Сынган кылыч», «Адам болгум келет»;
Түгөлбай Сыдыкбеков. «Тоо арасында», «Тоо балдары»;
Чыңгыз Айтматов. «Ак кеме», «Жамийла», «Биринчи мугалим», «Бетме-бет», «Саманчынын жолу», «Кыямат», «Кылым карытар бир күн», «Гүлсарат» ж.б.
Эскертүү: Бул жогоруда саналгандарды гана кароо керек дегенге жатпайт, кыскасы, кыргыз тили жана адабияты боюнча предметтик тестти ийгиликтүү тапшырууну каалаган абитуриент мектеп программасында өтүлгөн бардык материалдарды кайталашы керек.